• 88.68
  • 95
  • 0.95

Тоң районунун Ак-Өлөң айылына 100 орундуу бала бакча курулуп жатат

Аймак 0

Бишкек, 19.08.22. /Кабар/. Тоң районунун Ак-Өлөң айылына 100 орундуу бала бакча курулуп жатат. Бул тууралуу Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан билдирди.

Маалыматка ылайык, курулуш иштери толугу менен фондусунан каржыланууда.

"Имараттын курулушунун жалпы тендерлик баасы 43 млн сомду түзө. 2020-жылы башталган, учурда экинчи кабатынын пайдубалы көтөрүлүп калды. Бала бакча бардык коопсуздук талаптарын сактоо менен фонддун техникалык адистеринин тыкыр көзөмөлүндө салынууда. Балдар үчүн бардык заманбап шарттар түзүлмөкчү. Буга чейин Ак-Өлөндө балдар бакчасы болбогондуктан жаңы имараттын курулушу менен бул көйгөй чечилмекчи", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий