• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад облусунда сууга чөгүүлөрдүн алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 02.08.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында балдардын сууга чөгүүлөрүн алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги тарабынан жаш өспүрүмдөр арасында сууга чөгүү кырсыктарынын алдын алуу чараларын күчөтүү жөнүндө коюлган талаптарды аткаруу максатында облустун аймагында байма-бай профилактикалык иштер жүргүзүлүп жатат.

Белгилей кетсек, айрыкча чоң агын суу аралап өткөн Тогуз-Торо, Чаткал, Аксы, Кара-Көл жана Ала-Бука шаар-райондук милиция кызматкерлери жергиликтүү ӨКМдин өкүлдөрү менен биргеликте жеринде түшүндүрүү иштерин алып барышууда. Тактап айтканда сууга түшүүгө кооптуу болгон көлмө, каналдар жана агын суулардын жээктерине “Сууга түшүүгө тыюу салынат" деген тактайчаларды орнотушуп, эскертүүлөрдү берип келишүүдө.

Ошондой эле милициянын көчмө кабылдамасы менен калк арасында ар кандай кырсыктардын алдын алуу, жаш өспүрүмдөрдү каникул мезгилинде кароосуз калтырбай көзмөлдөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Андан сырткары, Жалал-Абад шаарындагы бассейн жана сууга түшүп эс алуучу жайлардын администраторлору жана куткаруучулары менен жекече маектешип, эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоо зарылдыгы боюнча эскертилди.

Пикир

Оставить комментарий