• 88.68
  • 95
  • 0.95

Зулушев АКШ элчиси менен адам укуктары жаатындагы кызматташтыкты талкуулады

Коом 0

Бишкек, 20.09.23. /Кабар/. Бүгүн, 20-сентябрда башкы прокурор Курманкул Зулушев АКШнын Кыргызстандагы Лесли Вигери менен жолугушту. Бул тууралуу Башкы прокутарудан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда эки тараптуу кызматташуу, адамдарды сатууну алдын алуу, адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо маселелери талкууланды.

Талкуунун жүрүшүндө башкы прокурор Зулушев АКШ элчисине бул маанилүү тармактагы өнөктөштүгү үчүн ыраазычылык билдирип, биргелешкен аракеттер адам сатуунун алдын алууда жана бөгөт коюуда аныктоочу ролду ойной тургандыгын баса белгиледи.

Ошондой эле адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, эл аралык милдеттенмелерди ишке ашыруу, өз ара кызматташуунун натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери каралды.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар биргелешкен аракеттер жана өнөктөштүк менен адамдарды сатууга каршы күрөштө, адам укуктарын коргоодо маанилүү натыйжаларга жетишүүгө мүмкүндүк берет деген ишенимин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий