• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Бурана мунарасынын аймагында "Тайган Фест" эл аралык этнофестивалы өттү

Коом 0

Бишкек, 27.06.23. /Кабар/. Бүгүн, 27-июнда Бурана мунарасы археологиялык-архитектуралык комплексинин аймагында "Taigan Fest" эл аралык этнофестивалынын ачылышы өттү. Бул тууралуу Туризм департаментинен билдиришти.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев фестивалды ачып жатып бул элибиздин улуу мурасын барктоо, сактоо жана көбөйтүү боюнча дагы бир чоң иш-чара экенин белгиледи.

Иш-чаранын максаты - улуттук мурастын элементтерин сактоо, туризм тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, жаңы туристтик продукцияларды жана маршруттарды түзүү. Бүгүнкү күндө улуттук мурастын элементи катары аңчылык иттердин тукумун сактап калуу зарыл. Буга байланыштуу тайганды эл аралык деңгээлде таанытуу иштеринин алкагында "Тайган кол өнөрчүлүгүнүн билими жана көндүмдөрү" номинациясын ЮНЕСКОнун репрезентативдик тизмесине каттоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары, Кыргызстандын материалдык эмес Улуттук маданий мурастарынын элементтеринин тизмеси "Тайган таптоо билими жана көндүмдөрү" жаңы номинациясы менен толукталды.

Пикир

Оставить комментарий