• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто медицина кызматкерлеринин күнүнө карата “Кыз-жигит” сармердени өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 27.06.23./Кабар/. Бүгүн Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында өлкөнүн медицина кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, шаардык кеңештин депутаты Болот Баетов жана шаардагы саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлери катышты.

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктап, түйшүктүү кесиптин ар бир өкүлүнүн калктын саламаттыгын чыңдоого кошкон салымын белгилеп, дарыгерлерге бекем ден соолук, иштерине ийгилик каалады.

Майрамдык салтанаттын алкагында Ош шаарынын мэриясынын жана шаардык кеңешинин атынан эрдик эмгеги менен айырмаланган бир катар өмүр сакчыларга Ардак грамоталар жана акчалай сыйлыктар тапшырылып, медицина кызматкерлеринин арасында кыз-жигит сармердени өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, учурда шаардын саламаттыкты сактоо тармагында 5 миңден ашык кызматкер эмгектенет.

Пикир

Оставить комментарий