• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

АКШ Талас облусунда математика жана англис тили боюнча окутуу программасын ишке ашырат

Аймак 0

Бишкек, 14.04.23. /Кабар/. Бүгүн, 14-апрелде президенттин Талас облусундагы өкүлү Нурлан Дарданов Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушту. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-америка кызматташтыгын, Талас облусун өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин жана келечегин талкуулашты.

Лесли Вигери Талас облсунда математика жана англис тили боюнча атайын 2 жылдык окутуу программасын ишке ашырууну көздөп жатканын айтты.

Өз кезегинде Нурлан Дарданов эки өлкө бир нече тармак боюнча достук мамиледе тыгыз кызматташып бир нече долбоорлорду ишке ашырып жатканын белгиледи.

Ошондой эле облус башчысы элчи Лесли Вигериге Талас шаарына оор турмуштук кырдаалга кабылган балдар үчүн “Кризистик борбор” ачуу, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын ребилитациялык борборлоруна каржылык жардам көрсөтүү, АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (ЮСАИД) тарабынан ишкер аялдарга ар тараптуу көмөк көрсөтүүнү улантуу жана гемодиализге муктаж адамдарга Кара-Буура районуна имарат салууга каржылык колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн карап көрүүнү сунуш кылды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылыкка ээ болгон тармактарда кызматташууну мындан ары да арттырууга даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий