• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарынын батыш тарабында тез жардам станциясынын филиалы ачылат

Аймак 0

Бишкек, 14.04.23. /Кабар/. Ош шаарынын Керме-Тоо МАБында тез жардам станциясынын филиалы ачылат. Бул тууралуу Ош мэриясы кабарлайт.

Оштун мэри Бакытбек Жетигенов тез жардам станциясынын филиалын ачуу пландалып жаткан Анар кичи районуна барып, жер аянтчасын көрүп чыккан.

"Жетигенов бул жайда оңдоо иштерин жүргүзүп, тез жардам унааларын токтотууга даярдоо боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди", - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле, калаа башчысы Ош шаарынын СМУТТ кичи районундагы №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун 5-филиалына барган. Мында АРИСтин “№1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун 5-филиалынын имаратынын энергетикалык эффективдүүлүгүн жана сейсмикалык туруктуулугун жогорулатуу” долбоорунун алкагында капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий