• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ала-Бука районунда кичи футбол аянтчасы ачылды

Аймак 0

Бишкек, 07.01.24./Кабар/. Ала-Бука районунун Ала-Бука айылындагы А.Тураббаев орто мектебинин жабык кичи футбол аянтчасынын курулушу аяктап, колдонууга берилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Спорт аянтчанын курулушу жергиликтүү бюджеттен каржыланып, 11 млн 300 миң сом каражат жумшалган.

Иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев катышты.

Облус башчысы жаңы спорт аянтчасы жергиликтүү жаштардын бош убактысын туура пайдалануу менен сергек жашоого үндөөрүн кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий