• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Бишкекте 4 жашар кыз 6-кабаттан жардам сураган

Коом 0


Бишкек, 14.04.23. /Кабар/. Бишкекте куткаруучулар 3 кичинекей балага жардам көрсөттү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, куткаруучуларды кичинекей кыздын 6-кабаттан балконго чыгып жардам сурап жаткандыгын көргөн адамдар чакырган. Балдардын ата-энеси аларды үйгө камап, иштери менен кеткен.

Жерине дароо куткаруучулар барып, алгач сүйлөшүү жүргүзүү менен кичинекей кызды балкондон үйгө кирүүгө көндүрүшкөн. Андан соң, батирдин бекилген эшигин ачып кирип, үйдө 3, 4 жана 5 жаштагы 3 бала бар экендигин аныкташкан.

Куткаруучулар алардын ата-энесин чакырып, балдарды өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий