• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткен шаарында муктаждарга жардам бере турган социалдык дүкөн ачылды

Аймак 0

Бишкек, 30.06.23. /Кабар/. Баткен шаарында муктаждарга жардам бере турган социалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Дүкөндү ачуу дүйнөнүн булуң-бурчуңунда жашап, эмгектенип жүргөн мекендештер тарабынан демилгеленген. Анда күндөлүк турмуш-тиричиликке керектелүүчү азык-түлүктөр муктаж жарандар үчүн таратылып берилет.

Казыяттан маалымдашкандай, бүгүн да бир канча муктаж жарандарга акысыз азык-түлүк таратылган. Дүкөн ай сайын керектелүүчү азыктар менен камсыздалып турат.

Белгилей кетсек, дүкөн Баткен облустук медиа борборунун имаратынын маңдайында жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий