• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкекте мектеп лагерлеринин иши жыйынтыкталды

Коом 0

Бишкек, 30.06.23. /Кабар/. Бишкекте мектеп лагерлеринин иши жыйынтыкталды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ленин районунун акиминин орун басары Айзада Жунусова 1-класстан 4-класска чейинки балдар катышкан №47 орто мектебинин "Достук" мектеп лагеринин жабылышына катышты.

Акимдин орун басары балдарды жайкы эс алуулары менен куттуктап, аларга жакшы, кызыктуу жана көңүлдүү эс алууларын, жаңы окуу жылына жаңы күч-кубат алууларын каалады.

Быйылкы жылы Ленин районунун аймагында №25, 40, 42, 47, 55, 79,80,96, 97 мектептердин базасында 1200 баланы камтыган 9 мектеп лагери уюштурулган.

Ар бир мектеп лагеринде балдардын эс алуусунун, ийримдердин, спорттук оюндардын, театрларга, музейлерге жана экскурсияларга баруу боюнча пландар иштелип чыккан жана бекитилген.

Мектеп лагерлери 5-июндан 30-июнга чейин, күн тартиби боюнча саат 08:00дөн 14:00гө чейин, эки маал тамактануу (эртең мененки, түшкү тамак) менен иштешти.

Аянтчалардын салтанаттуу ачылышы 2023-жылдын 5-июнунда саат 10-00дө, салтанаттуу жабылышы 2023-жылдын 30-июнунда саат 14-00дө өттү.

Белгилей кетсек, мэрия тарабынан калаанын 39 мектебинде лагерлердин иши уюштурулуп, анын ичинде 34 мектепте тамак-аш камтылган.

Пикир

Оставить комментарий