• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чүй облусунда бир күндө эки бала бакча ачылды

Аймак 0

Бишкек, 20.02.24. /Кабар/. Президенттин Чүй облусундагы өкүлү Канат Жумагазиев Маловодное жана Төрт-Көл айылдарындагы бала бакчалардын ачылышына катышты.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, ошондой эле иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Аманкан Кенжебаев, Сокулук райондук акиминин орун басары, райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчиси жана айыл өкмөт башчысы катышты.

Канат Жумагазиев алгач Маловодныйдагы бала бакчанын ачылышына катышып, 1971-жылы курулган бала бакчасынын имараты капиталдык оңдоону талап кылганын белгиледи. Курулушту жаңылоого Чүй облусун өнүктүрүү фонду, Сокулук райондук өнүктүрүү фонду жана демөөрчүлөр 6 млн 758 миң сом жумшашкан.

Аталган балдар мекемесинин директорунун айтымында, учурда имаратта 90 балага ылайыкташкан 3 уктоочу бөлмө, 3 балдар ойноочу бөлмө, музыкалык бөлмө, директордун кабинети жана ашкана бар. Жылытуу системасы электр жана көмүр менен иштейт.

Андан соң президенттин өкүлү Төрт-Көл айылындагы бала бакча ачылышына катышып, буга чейин бул айылда мындай мекеме болбогонун айтты. Бала бакчанын курулушу 2015-жылы жергиликтүү бюджеттин эсебинен башталып, бирок каражаттын жетишсиздигинен улам токтоп калган. 2023-жылдын сентябрында курулуш кайра жанданып, объект кыска мөөнөттө ишке киргизилди. Ал 75 орунга ылайыкталып, 3 уктоочу бөлмө, 3 оюн бөлмөсүн, музыкалык зал, медициналык кабинет, тарбиячылар үчүн кабинетти жана ашкананы камтыйт. Бала бакчанын курулушуна жергиликтүү бюджеттен 26 млн сом бөлүнгөн.

Белгилей кетсек, 2023-жылы Чүй облусунда жалпысынан 60 социалдык объект пайдаланууга берилген, анын ичинде 840 орундуу 7 бала бакча жана 3400 орундуу 14 мектеп бар. Ал эми 2024-жылы 78 объекттин, анын ичинде бала бакчалардын, мектептердин, ооруканалардын жана башка социалдык мекемелердин курулуштарын аяктоо пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий