• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек абанын булганышы боюнча дүйнөнүн 94 шаарынын арасында 5-орунда турат

Коом 0

Бишкек, 01.02.22. /Кабар/. World Air Quality дүйнөлүк абанын сапаты боюнча рейтингдин сайтындагы маалыматка ылайык, Бишкек азыр абанын булганышы боюнча дүйнөнүн 94 шаарынын арасында 5-орунда турат.

Ошентип, Бишкектин абасындагы микродисперстүү PM2.5 бөлүкчөлөрүнүн концентрациясы учурда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан сунушталган орточо жылдык абанын сапатынан 25,1 эсе жогору.

Бүгүнкү күндө аталган тизменин башында Индиянын Дели, Пакистандын Лахор, Кытайдын Ухань, Россиянын Красноярск шаарлары, андан кийин Бишкек шаары турат.

Эскерте кетсек, бул маалыматтар 1-февраль саат 16:45ке карата алынды.

Пикир

Оставить комментарий