• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош шаарындагы борбордук стадионду оңдоп-түзөө иштери аяктады — сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 24.08.23./Кабар/. Ош шаарындагы А.Сүйүнбаев атындагы борбордук стадионду оңдоп-түзөө иштери толук аяктады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, стадионду оңдоп-түзөө иштери май айында башталган. Анда дарбазалар жана 11 миңге жакын отургуч астындагы бетон куюлмалары менен бирге толук алмаштырылды.

"Тышкы жана ички жасалмалары жана жарыктандыруу тутуму жаңыланды. Ошондой эле спортчулардын кийим алмаштыруучу, жуунуучу жайлары, ажаткана жаңыланып, узундугу 12, туурасы 4 метр LED-экран орнотулду", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, оңдоо иштерине республикалык бюджеттен 42,7 млн сом бөлүнгөн.

Эскерте кетсек, А.Сүйүмбаев атындагы стадион 1961-жылы курулуп, бирок бир дагы толугу менен капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Ош шаарындагы көптөгөн иш-чаралар, эл аралык футбол оюндары аталган стадиондо өткөрүлүп келет.

Пикир

Оставить комментарий