• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош мэриясы мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар тарбияланган борборлорго жардам көрсөттү

Аймак 0


Бишкек, 03.12.20. /Кабар/. Бүгүн, 3-декабрда Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнүнө карата вице-мэр Эмил Шадыханов шаардагы 12 көмөкчү мектебинин, көзү азиз жана көрүүсү начар балдардын адистештирилген мектеп-интернатынын жана шаардын кыймыл-таяныч тутумундагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоо борборунун жетекчилерин кабыл алды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, вице-мэр шаар мэри Таалайбек Сарыбашовдун атынан жетекчилерди майрамы менен куттуктап, алардын жасап жаткан эмгеги чоң экендигин баса белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө вице-мэр жетекчилерге Ош шаарынын мэриясынын атынан 10 миң сомдон акчалай жардам берди. Ошондой эле Шадыханов мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар тарбияланган мектеп-интернат, борборлордун жетекчилеринин маселе, көйгөйлөрүн угуп, аларды чечүү боюнча тапшырмалар берилди.

Айта кетсек, 2020-жылдын 1-декабрына карата Ош шаарында жалпы 7 099 ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаран бар.

Пикир

Оставить комментарий