• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 420 адамдан табылып, 4 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 03.12.20. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 420 адамдан табылып, 4 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус 179 адамдан, Ош шаарында – 8, Чүй облусунда – 112, Ош облусунда – 26, Талас облусунда – 13, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 35, Жалал-Абад облусунда – 15, Баткен облусунда 28 кишиден табылган.

Ошол эле учурда 400 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте – 99, Ош шаарында – 55, Чүй облусунда – 86, Ош облусунда – 21, Талас облусунда – 5, Нарын облусунда – 12, Ысык-Көл облусунда – 35, Жалал-Абад облусунда – 50, Баткен облусунда 37 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Акыркы күн ичинде COVID-19 илдетинен 4 адам каза болгон: Бишкекте – 3, Ош облусунда – 1 киши. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 2 миң 689 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 570 бейтап дарыланууда.

“Бир күн ичинде өлкө боюнча 12 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Үй шартынан 2, стационардан 9 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 3 миң 944 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 3 миң 634 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 73 миң 933 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 65 миң 589 киши айыгып чыкса, 1 миң 281 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий