• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте подъезддерден велосипед уурдап жүргөн адам кармалды (фото, видео)

Укук тартиби 0


Бишкек, 21.02.20. /Кабар/. Шаардык милициянын кызматкерлери подъезддерден велосипеддерди уурдоого шектелген жаранды кармады. Бул тууралуу Октябрь райондук ИИБнин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 19-февралында борбордун С.Э. аттуу тургуну милицияга арыз менен кайрылып, анда ал ошол эле күнү Асанбай кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринен баасы 11 миң 500 сомдук “Айма” маркасындагы велосипедин уурдап кеткен белгисиз жарандарга карата чара көрүүнү суранган.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КР Жазык кодексинин 200-беренеси (уурулук) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде милиция кызматкерлери 1986-жылы туулган П.А. аттуу жаранды шектүү катары кармашкан. Ал Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Шектүү күнөөсүн мойнуна алып, уурдалган велосипеддерди кайда катаарын көрсөтүп берген.

Милиция кызматкерлери шектүүнүн дагы ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар же жоктугун териштирүүдө.

Милиция шаар тургундарын бул адамдан жабыр тарткандар болсо төмөнкү номурларга чалууну суранат: 0(557) 10-29-77, 0(500) 10-23-05 жана 102».

Пикир

Оставить комментарий