• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК пара талап кылган Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлерин кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.02.22. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери 6 миң АКШ доллар өлчөмүндө пара талап кылып алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМКга кылмыш ишине оң чечим чыгаруу үчүн 6 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара талап кылып жаткандыгы боюнча КР ИИМдин (Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын) кызматкерлерине карата чара көрүү өтүнүчү менен жаран кайрылган.

Бул факты боюнча КР УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштеринин жүрүшүндө бул факты тастыкталып, 2022-жылдын 22-февралында ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери Ш.У. жана А.У. пара алып жаткан жеринен кармалышты.

Азыркы учурда кармалгандар КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий