• 79.5
  • 81.44
  • 1.25

Баткен облусун өнүктүрүү – КР өкмөтүнүн маанилүү милдети

Аналитика 0

Баткен облусунун айланасындагы абал көп жылдан бери оор болуп келе жатат. Чек ара жаңжалдары тынчсызданууну жаратат, бирок чек ара жана райондун маселелерин чечүү керек. Азыркы учурда келечектүү долбоорлор, экономикалык аймак түзүү жана аймакка инвесторлорду тартуу боюнча көп сөздөрдү угууга болот, бирок бул үчүн көп сандагы маселелерди чечүү керек. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өзүнүн көчмө жыйынынын жүрүшүндө Баткен – Кыргызстандын эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн камтыган аймак экенин айтты. Анын айтымында, Баткен облусу чек ара жаңжалдарынын очогу эмес, адамды патриоттуулукка, кайраттуулукка, эрдикке тарбиялаган жер.

Баткен – саясий, аскердик, экономикалык суверенитетти сездирүүчү жер. Ушул жер – Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгын, аймактык бүтүндүгүн коргой турган жер”, - деди ал.

Жапаровдун айтымында, ал Баткен облусуна атайын эртерээк келген. “Биз бир катар өнөр жай ишканаларынын иши менен таанышып, күндүн экинчи жарымында эки аскер бөлүгүн кыдырып, аскердик формаларды жана техникаларды көрүп чыктык. Чындыгында, 2021-жыл кыргыз армиясы үчүн катуу соккулардын жылы болду. Ошол эле учурда кескин өзгөрүүлөр да орун алды. 2021-жылдын май айынан баштап чек арачылардын жана аскер кызматкерлердин айлык маянасы дээрлик 50-70%га чейин жогорулатылды. Үстүбүздөгү жылдын январь айынан тарта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Жаза аткаруу кызматынын Коопсуздук жана коштоо департаментинин кызматкерлеринин айлык маяналары 50-70% чейин көтөрүлдү. Жыйынтыгында бардык күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын айлыгын теңдештирүүгө жетиштик. Бюджеттик каражаттардын эсебинен заманбап аскер техникасы жана аскердик форма сатылып алынды. Ошондой эле Баткендеги бир айлык кызматты эки ай катары эсептелсин деген чечим кабыл алынды”, - деди министрлер кабинетинин төрагасы.

Көчмө жыйындын жүрүшүндө аймакты мындан ары өнүктүрүү, атап айтканда, инфраструктураны жана жолдорду жакшыртуу, жарандарды, анын ичинде чектеш аймактардагы тургундарды социалдык жактан камсыздоо жана мамлекеттик колдоо көрсөтүү, инвестициялардын киришине шарттарды түзүү маселелери талкууланды.

Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, Баткен облусу стратегиялык аймак болуп саналат.

«Баткен облусунун негизги артыкчылыгы катары анын транзиттик потенциалы саналат. Баткендин транпорттук коридорлору – келечекте Баткен району үчүн эле эмес, Кыргызстан үчүн кызмат кылат – өнүгүүнүн коридорлору болот», - деп белгиледи министрлер кабинетинин башчысы.

Ал кошумчалагандай, Баткен облусунун Фергана өрөөнү жана Кытай Эл Республикасы ортосундагы транзиттик коридор болууга толук мүмкүнчүлгү бар.

Тийиштүү шарттарды түзүп, фитосанитардык лабораторияларды ишке берсек, Эркечтам өткөрүү пункту аркылуу коңшу Кытайга сапаттуу жана экологиялык жактан таза продукцияларды экспорттоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Кызыл-Кыя шаары Борбор Азия менен Кытайдын ортосундагы ири аймактык соода түйүнүнө айланат. Баткен жана Исфана аэропорттору эл аралык макам алат, “Лейлек” эркин экономикалык аймагы пландалгандай иштейт»,- деди Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин башчысы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоону жыйынтыктоо Министрлер Кабинетинин ишиндеги артыкчылыктуу багыт болуп саналарын белгиледи.

«Чек ара инфраструктурасы жакшыртылып, жаңы заставалар курулат. Баткен облусун өнүктүрүү боюнча пландар чоң жана биз аларды ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз», - деди ал.

Мындан тышкары, жеринен тышкаркы жолугушууда Жапаров Баткен облусунан экспорттун деңгээлин жогорулатуу керектигин айтты. Жаңы ишканалардын аркасында облуста жаңы жумуш орундары түзүлөт деген ишенимде.

«Буга катар экспорттук потенциал жогорулайт. Ал эми экспорттун көбөйүшү – региондун өнүгүшүнө түздөн-түз жол ачат», - деди Акылбек Жапаров.

Ал кошумчалагандай, Өзбекстандан пахтадан жасалган кездемелерди алып, Баткендин тигүү бизнесин өнүктүрүүгө жакшы мүмкүнчүлүктөр бар.

Андан соң министрлер кабинетинин башчысы аймактын тургундары өлкөдөн тышкары чыкпастан, аймакта калып иштөөсү үчүн жергиликтүү ишканаларды өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи.

«Өткөн жылы биз экономикалык инвестициялык форум өткөрдүк. 2022-жылы дүйнө жүзүнөн инвесторлорду чакырып, дагы бир форум өткөрөбүз. Быйылкы жылы капиталдык салымдар беренеси боюнча Баткен облусунун инфраструктурасын (сугат каналдарын, социалдык объектилерди жана жолдорду) өнүктүрүүгө 1,5 миллиард сом инвестициялап жатабыз. Ошол эле учурда кабыл алынган чечимдердин алкагында облусту өнүктүрүү үчүн бул сумманы 5 миллиард сомго жеткирүүнү пландап жатабыз. Каналдар курулуп, ичүүчү, сугат суу менен камсыздалып, социалдык маселелер чечилиши керек», - деди министрлер кабинетинин башчысы жана бөлүнгөн каражаттардын максаттуу жаа натыйжалуу багытталышынын зарылдыгын, коомдук жана парламенттик көзөмөлдүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Муну менен катар Ош-Баткен-Исфана жолундагы Ош - Ноокат - Баткен (28-75км) тилкесин реабилитациялоо иштери жүрүп жатат. Жолду реабилитациялоо долбоорунун наркы 133,58 млн АКШ долларын түзөт, анын 50 млн АКШ доллары 28-75-чакырым жолду курууга жумшалат.

Белгилей кетсек, кредиттин калган бөлүгү жумшалуучу долбоорду ишке ашыруунун экинчи компоненти катары Бишкек-Ош жолунда жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу (таш кулоодон коргоочу курулушту куруу, көчкүдөн сактоочу дубалдарды куруу, тоннелдерди жана көпүрөлөрдү куруу) болуп саналат.

«Учурда тендердик документтер даярдалууда. Долбоор эл аралык стандарттарга ылайык ишке ашырылат», - деди ал.

Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, тендерди жакын арада жарыялоо зарыл, ал эми долбоорду ишке ашырууга ата мекендик компаниялар да тартылышы керек.

«Келечекте жергиликтүү компаниялар чет элдик компаниялар менен аттаандашуу үчүн тажрыйба топтоп, заманбап техгологияларды жана аларды пайдаланууну үйрөнүшү керек», - деп белгиледи министрлер кабинетинин башчысы.

“Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий