• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кадрларды ротациялоо өлкөнүн өнүгүүсүнө оң таасир этет

Аналитика 0

Бир жылдан ашык убакыттан бери Кыргызстанда кадрларды ротациялоо саясаты жүрүп жатат. Ошол эле учурда, ал ар тараптуу - кызматкерлер жашарып, коррупцияга шектелген адамдар четтетилүүдө, адистердин алмашуусуна байланыштуу айыл өкмөттөрдүн арасында тажрыйба алмашылып жатат. Азыр ар кайсыл тармакта кадрлардын жаңыланганын байкоого болот. Өзгөчө бул аймактарга тиешелүү, анткени азыр өлкөнү өнүктүрүү ушул багытта бара жатат, бул борбор калаанын чегинен тышкары жашоо шартты жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Ысык-Көл, Баткен жана Жалал-Абад облустарында өнүгүү активдүү жүрүүдө. Республикада оюн бизнесин мыйзамдаштыруу менен Ысык-Көлдө жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылат. Ал жакка келген туристтердин жана каражаттын агымы көбөйүп, инфраструктура өнүгөт жана жаңы жумуш орундары түзүлөт. Баткен облусуна өзгөчө макам берилгенден кийин көптөгөн инвесторлордун келүүсү күтүлөт. Жалал-Абад облусуна байланыштуу өткөн жумада министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад шаарында республиканын экинчи экономикалык борборун түзүү жүрүп жатканын билдирди.

“Биз токтоп турган ишканаларды сатуу саясатынан алыспыз. Майлуу-Суудагы лампа заводун кайтарып, аны реанимациялоо боюнча 1 млрд сомго бизнес-долбоорду бекиттик. Электр энергиясын иштеп чыгуунун үчтөн эки бөлүгү Түндүк-Түштүк альтернативалык жолу жана темир жол түйүнү (Балыкчы – Кара Кече – Жалал-Абад) Жалал-Абад облусуна туура келет”, - деп жыйынтыктады министрлер кабинетинин башчысы.

Бул жерде коммуналдык жана уюштуруу иштерине жөнгө салып, кийин айтылбай калгандар пайда болбоосу үчүн эл арасында активдүү иштерди жүргүзө ала турган сабаттуу менеджментке муктаждык пайда болот. Мындан тышкары, башка облуста жана тармакта тажрыйбасы бар, акылдуулук жана жөндөмдүүлүк эң эле пайдалуу болмок. Андан тышкары, өткөн жылы президенттин “Жаңы мамлекеттик кадр саясаты жөнүндө” жарлыгы чыккан. Аталган жарлыкты ишке ашыруунун алкагында өлкө боюнча атайын түзүлгөн аттестациялык комиссия тарабынан айыл өкмөт башчылары аттестациядан өткөн. Ошондой эле КР мамлекеттик кадр саясаты кызматы аймактык кадрлар резервине талапкерлерди тандап алган.

Аталган жарлык чыкканда эксперттик коом бул жаңычылдыкка оң баа беришти. Ошентип, мамлекет ишке кедергисин тийгизген көптөгөн терс факторлордон жана жөндөмсүз адистерден арылууда. Бирок, маанилүү факторлордун бири ротациянын кадрлардын сапатын кыйла көтөрүүгө тийиш экени болуп саналат. Мындай пикирин легендарлуу парламенттин депутаты Жамин Акималиев билдирди.

Анын айтымында, биздин тажрыйбабызда кадрлар бардык көйгөйдү чечет деген чакырык чындыкка дал келет. Академик СССР убагындагы кадрларды натыйжалуу тандоо жана даярдоо системасы акыркы 30 жылда жок болгонун белгилейт.

“Биз коррупция менен күрөштү канча уксак дагы иш жүзүндө таптакыр башка картинаны көрүп келдик. Мисалы, мен Нарын облусунда туулгам жана мени Нарын облусуна жетекчилик кызматтарга дайындашты дейли. Ал жакта менин тааныштарым, туугандарым жана досторум болгондуктан кызыкчылыктардын кагылышы башталат. Албетте, мындай жерде мен ачык-айкын иштей албайм, анткени мен кааласам да, каалабасам дагы мага туугандарым жана тааныштарым жардам сурап кайрылышат. Бизде демократия, сөз эркиндиги жана башка деп айтканыбыз менен каныбызда өз жерибизге болгон сүйүү калат жана ал кадр саясатына абдан таасир этет”, - деди ал.

Албетте, бир жылдан ашык убакыттан бери кадр саясаты жигердүү иштеп келе жатат, кемчиликтер жоюлууда, адамдар өзгөрүүдө. Азыркы учурда акыркы ири кадрдык өзгөрүү Ермек Омошевди Нарын облусунун Кочкор районунун акими кызматына дайындоо болду. Жаңы жетекчини Акылбек Жапаров жумушчу сапарынын жүрүшүндө жамаатка тааныштырды.

"Нарын облусуна да бүгүн жаңы жетекчи дайындалды. Экөөңөр тең так жана ак ниет иштеп, Нарынды ар тараптан өнүктүрүүнүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн колдонушуңар керек. Бизге азыр ынтымак жана биримдик керек, бөлүнүп жарылбайлы", - деди Акылбек Жапаров.

Кыргызстанда акимдерди ротациялоо ийгиликтүү ишке ашып жатканын белгилеген Акылбек Жапаров аймактарда мурунку кызматтык үйлөр кайра жаңыланарын кошумчалады.

"Райондук жана облустук деңгээлде жакында сотторду жана район прокурорлорун ротациялоо ишке ашты. Региондогу мурунку мамлекеттик кызматтык үйлөр менчиктештирилип кеткен. Анын ордуна президентибиздин демилгеси менен жаңы кызматтык үйлөрдү курууга кириштик. Пилоттук долбоор катары алгач Түп районуна жетекчилер үчүн 5-6 үй куралы деп жатабыз. Элибиз да, жерибиз да бир. Жер алмаштырып бөлүнбөй элге кызмат кылалы. Экономикабыз көтөрүлсө алдыда мектеп директорлорун жана ооруканалардын башкы дарыгерлерин да ротация жолу менен иштетүүгө барабыз", - деди министрлер кабинетинин башчысы.

Белгилей кетүүчү дагы бир жагдай, облус башчыларын ротациялоо менен бирге Кыргызстанда ушундай эле образда сот тутуму дагы реформаланып жатат. Тиешелүү жарлыкка ушул жылдын апрель айында кол коюлган. Ошентип, ушул убакка чейин 70тен ашык судьялар ротацияланды.

Свердлов райондук сотунун судьясы Жаналы Батырбековдун айтымында, бир жерде узак убакыт иштөө кызыкчылыктардын кагылышына алып келиши мүмкүн. Анын пикиринде, судья каалайбы-каалабайбы бары бир ага тааныштары, достору жана башкалар келечекте жардам сурап кайрылышат.

“Бир орунда көпкө чейин иштөө кызыкчылыктардын кагылышына алып келиши мүмкүн. Анткени кошуна, дос-тааныштар келе баштайт. Кыргызда “Ыймандуу бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок” деген сөз бар эмеспи, калыс чечим чыгарууга көп тоскоолдуктар жаралышы мүмкүн. Ал эми өлкөдө адилеттүү иштен көп нерсе көз каранды. Башкысы – коомдук туруктуулук жана адамдын укугун коргоо. Ошондой эле мында буга экономикалык жактан дагы кароого болот, башкача айтканда мамлекеттик инвестициялык жагымдуулугу. Кандай инвестор болбосун инвестици кылаардан алдын сот тутумуну ишине көңүл бурат. Буга байланыштуу бүгүнкү кундө судьялардын биринчи кезектеги милдети – соттордун ишенимдүүлүгүн арттыруу ”, - дейт ал.

Белгилей кетүүчү жагдай, мындай кадр саясаты дүйнөлүк практикада өзүнүн натыйжалуулугун көрсөтүп келет. Кыргызстанда ротация канчалык деңгээлде өзүнүн оң натыйжасын бергенин убакыт көрсөтөт, азырынча баа берүү эрте. Маанилүүсү кадрларды жаңылоо – ишке оң таасир этип, мамлекеттик структурага жаңы күчтөрдү алып келет.

“Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий