• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

6 жылга эркинен ажыратылды: Апасынын дарылануусуна каражат издеген бала досу менен дүкөндү тоногон

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.10.18. /Кабар/. Апасынын дарылануусуна каражат издеген бала дүкөндү тоноп, 6 жылга эркинен ажыратылган. Мындай чечимди Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту чыгарган.

Нарында туулуп, Бишкекте жашаган 20 жаштагы Эламан Токоев, 22-жаштагы Марат Абилов аттуу досу менен үстүбүздөгү жылдын 18-февралында Бишкек шаарындагы Сүйөркулов жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги дүкөндөрдүн бирин тоноону пландашкан.

Алдын ала балдар медициналык маска жана колкаптарды сатып алып, ашкана бычактарын жана аскердик 5,45 мм калибриндеги патрондорду камдашкан.

Болжол менен түнкү сат 00:30дар чамасында алар кезеги менен дүкөнгө кирип, тамеки сатып алып, абалды байкап, ыңгайлуу убакытты күтүп турушканда дүкөндүн сатуучусу байкап калып милиция чакырган.

Жерине жетип келген милиция кызматкерлери аларды кармап, күбөлөрдүн катышуусунда балдарды текшерген. Токоев менен Абилов камака алынып, тергөө иштери башталган.

Белгилүү болгондой, Токоевдин апасы спирт ичимдиктерин ичкендиктен, баласы апасын дарыканага жаткырууга каражаттары жоктугунан ушундай кадамга барган. Өз күнөөсүн соттолуучу тологу менен мойнуна алган.

Соттун чечимине ылайык, Эламан Токоев күнөөлүү деп табылып, 6 жылга шарттуу кесилип, мүлкү конфискацияланган. Соттун чечими күчүнө киргенге чейин ал абакта кармалат.

Марат Абиловго карата соттун чечими чыгып, аны 5 жылга эркинен ажыратуу жана мүлкүн конфискациялоо чечимин кабыл алган. Бул чечим дагы шарттуу түрдө 3 жылдык сыноо менен кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий