• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМ: Мончодо өспүрүм баланы зордуктоого шектелген жигитти кармоо иштери жүрүүдө

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.01.21. /Кабар/. Социалдык тармактарда тараган видео боюнча ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат, - деп билдирет Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 24-январь күнү социалдык тармактарда, мессенджерлерде жана маалымат каражаттарында 20 жаштардагы белгисиз жигит болжол менен жашы жете элек өспүрүмдү зордуктап жаткан видео тараган.

"Окуя мончодо болгон, бирок качан тартылганы белгисиз. Бул видео коомдук резонанс жаратып, коомчулук арасында нааразычылыктарды жаратууда", - деп айтылат маалыматта.

ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, бул факты боюнча ыкчам жана тергөө кызматтары тарабынан зордуктоого шектүүнүн өздүгүн тактоо жана кармоо боюнча иштер жүргүзүп жатат.

Аймактык ички иштер органдары окуянын чоо-жайын аныктоо жана шектүүнүн өздүгүн тактоо боюнча чараларды көрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий