• 88.68
  • 95
  • 0.95

Лейлектеги суу сактагычты реконструкциялоо иштери 1-мартта аяктайт

Аймак 0

Бишкек, 13.02.24. /Кабар/. Лейлек районунун мурдагы Маргун, азыркы Мурас айылындагы суу сактагычта гиомембраналар төшөлүп, жаңыртуу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аянты 20 миң чарчы метрди түзгөн бул суу сактагычты жаңылоого мамлекет тарабынан 11 млн 200 сом каралган.

“Бүгүнкү күндө курулуш иштери аяктап, 1-мартта суу сактагыч ишке киргизилет, - деп билдирди Лейлек райондук суу чарбасынын башчысы Базарбай Асанов.

Эске салсак, 1987-жылы курулган бул суу сактагычтын эскилиги жетип, астынан сызылып суу чыгып, натыйжада сугат суунун танкыстыгы көйгөй жарата баштаган.

Эми жаңыланган суу сактагыч кайрадан пайдаланууга берилсе, 197 гектар аянтка суу берүү жакшырат.

Пикир

Оставить комментарий