• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кызыл-Кыяда милиционер өрт чыккан батирден балдарды аман-эсен куткарып чыгышты

Кырсык 0

Бишкек, 13.02.24. /Кабар/. Кызыл-Кыяда милиция кызматкерлери өрт чыккан көп кабаттуу үйдөгү батирден балдарды аман-эсен куткарып чыгышты. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Кырсык тууралуу маалымат 102 кызматына 12-февралда таңкы саат 06:15те түшкөн.

Жерине ыкчам-тергөө тобу жана өрт өчүрүүчүлөр келген. Милиция кызматкерлери жалын чыккан батирдин ичинде калып кеткен өспүрүм кызды жана 4 жаштагы баланы аман-эсен алып чыгышкан.

Куткарылган балдар Тез жардам кызматынын дарыгерлеринин көзөмөлүнөн өткөн соң апасына тапшырылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, өрт шаардын Асаналиев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде катталган.

Алдын ала маалымат боюнча, тилсиз жоо 15 миң чарчы метрди жалмаган. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий