• 88.68
  • 95
  • 0.95

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев “Курманбек” стадионун оңдоо иштери менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 28.01.24./Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы борбордук “Курманбек” стадиону толугу менен оңдоп-түзөөдөн өтөт. Азыркы тапта жумуш кызуу жүрүп жатат.

Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев реконструкциялоо иштери менен жеринен таанышты.

Долбоорго ылайык, эл аралык талаптарга жооп заманбап футбол аянтчасы гибриддик стадион болуп курулат. Муну менен эл аралык бардык деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүүгө, машыгууларды уюштурууга ыңгайлуу шарттар түзүлмөкчү.

Каржылоо жагы демөөрчүлөр тарабынан ишке ашып, 40 млн сомдун тегерегиндеги акча жумшалат.

Камчыбек Ташиев стадиондун айланасындагы чарба иштерине дагы сын айтып, бир катар кемчилдиктерге токтолуп, тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды койду.


Белгилей кетсек, 4,5 миң орунга ылайыкташкан "Курманбек" стадиону 1967-жылы ашар жолу менен салынган, анын жалпы аянты 3,6 гектар.

Мында жалпы 12 кызматкер эмгектенет.

Пикир

Оставить комментарий