• 88.68
  • 95
  • 0.95

Балыкчыда окуучуну сүзүп кеткен окуя. Ага-ини милиционерлер убактылуу кармоо жайына киргизилди

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.01.24./Кабар/. Окуучу кызды сүзүп кеткен Балыкчы шаардык милиция бөлүмүнүн мурдагы башчысы Бектур Осмонбаев жана анын аймактык тескөөчү болуп иштеген иниси Бекзат Казаков убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Балыкчы РИИБнин кызматтык унаасынын катышуусундагы резонанстуу жол кырсыгы боюнча иликтөө иштери уланууда.

Жогорудагы кылмыш иши боюнча Балыкчы шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Бектур Осмонбаев КР Кылмыш-жаза кодексинин 144-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмышка шектүү катары кармалып, Каракол ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Кылмыш иши боюнча дагы бир шектүү, Балыкчы РИИБнин башчысы Б. Осмонбаевдин бир тууган иниси Бекзат Казаков Ысык-Көл облусунун ИИБнын участкалык инспектору болуп иштеп келген.

Аталган жаран кылмышка шектүү катары КР УКМК тарабынан кармалып, Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Белгилей кетсек, 26-январда Балыкчы ШИИБнин кызматтык унаасынын катышуусундагы жол кырсыгы катталган. Андан 12 жаштагы кыз жабыркап, ооруканага түшкөн.

Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө унааны Балыкчы шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы Бектур Осмонбаев башкарып бараткандыгы аныкталган, бирок күнөөнү ал эмес, анын аймактык тескөөчүсү болуп иштеген иниси мойнуна алган.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен Балыкчы шаардык милициясынын башчысы жана кызды сүзүп кеткендигин билдирген аймактык тескөөчү (шаардык милициянын башчысынын иниси) ээлеген кызматынан бошотулду.

Кылмыш ишин тергөө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүлүп, атайын кызмат тарабынан мындан бир аз мурда Бектур Осмонбаевге издөө жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий