• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакстандын тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу Кыргызстанга келди

Саясат 0

Бишкек, 28.01.24./Кабар/. Бүгүн Казакстандын тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу Кыргызстанга келди. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу боюнча келген министрди “Манас” эл аралык аэропортунда КР ТИМ башчысынын биринчи орун басары Асеин Исаев жана Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеев тосуп алышты.

Сапардын алкагында Кыргызстан менен Казакстандын тышкы саясат ведомстволорунун жетекчилеринин ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп, анда кыргыз-казак стратегиялык өнөктөштүгү менен союздаштыгынын актуалдуу маселелери талкууланат.

Пикир

Оставить комментарий