• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда 8,3 миңден ашуун мас айдоочу унаа башкаруу укугунан ажыратылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.12.23. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы сегиз айдын ичинде 8,3 миңден ашуун мас айдоочу унаа башкаруу укугунан ажыратылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) билдирет.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 8-мартынан тарта жол эрежесин одоно бузгандарга карата жоопкерчилик күчөтүлгөн. Анын ичинде мас абалында унаа башкаргандарга карата жоопкерчилик айып пул салуу эмес, бир жылдык мөөнөткө унаа башкаруу укугунан ажыратуу беренеси киргизилген.

"Унаа башкаруу укугунан ажыратылган 8 миң 300дөн ашуун айдоосу 8-марттан 30-ноябрга чейинки аралыкта жол эрежесин одоно бузуп, мас абалында рулга отурган",- деп айтылат маалыматта.

ЖКККББдан кошумчалашкандай, мас абалында унаа башкарган айдоочулардын саны 15 пайызга, ал эми мас абалында унаа башкарып, жол кырсыктарына кабылган айдоочулардын саны 26 пайызга кыскарган.

Пикир

Оставить комментарий