• 88.68
  • 95
  • 0.95

УКМК: Бактыбек Калмаматов аймактар аралык кастыкты козуткандыгы үчүн кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.12.21./Кабар/. Мурдагы депутат Бактыбек Калмаматов аймактар аралык кастыкты козуткандыгы үчүн кармалды, - деп билдирет УКМКнын маалымат кызматы.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан туруктуу негизде улуттар, аймактар жана конфессиялар аралык негиздеги сабырсыздыктын ар кандай көрүнүштөрүн аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштерди жүргүзүп келет.

Буга байланыштуу улуттук коопсуздук органдары өлкөнүн жарандарынын ортосунда кастыкты козуткан, тынчтыкты жана ынтымакты бузган адамдарды аныктоо жана тастыктоо максатында интернет мейкиндигине мониторинг жүргүзүүдө.

Аткарылган иш-чаранын жүрүшүндө КР Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты Б. Калмаматовдун социалдык тармактар аркылуу аймактар аралык кастыкты козутууга тиешеси бар экендиги тууралуу маалымат алынды.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, тергөөнүн жүрүшүндө Б.Калмаматовго карата алынган маалыматтар тастыкталды.

Иш боюнча топтолгон далилдердин жана тиешелүү экспертизанын корутундусунун негизинде, 2021-жылдын 22-декабрында бул кылмышка шектүү катары Б.Калмаматов кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Мыйзамда белгиленген мөөнөттө Б. Калмаматовго айып тагылып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тергөө убагында ага карата баш коргоо чарасын тандоо маселесин карайт.

Пикир

Оставить комментарий