• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Бишкек мэриясы келерки жылы 30 миң жумуш ордун түзөт

Коом 0

Бишкек, 16.12.21. /Кабар/. Бишкек мэриясы келерки жылы 30 миң жумушчу ордун түзөт. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде мэриянын борбордук аппаратынын экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы Адилет Малдыбаев билдирди.

Анын айтымында, 2019-жылы борбор калаанын экономикасында бир аз төмөндөө байкалган, бирок азыр абал турукташып калды.

"Бишкекте экономика өсүүдө. Ал эми келерки жылы борбордо жеке чөйрөдө 30 миңден ашык жумуш орундарын ачуу пландалууда", - деди ал.

Мындан тышкары ал бизнести көмүскөдөн чыгаруу боюнча да иштер жүрүп жатканын кошумчалады. Маселен, жаңы Салык кодекси иштелип чыгып, салыктык башкаруунун иши күчөтүлүүдө.

"Мындай иштер жыл сайын жүргүзүлөт. Биринчи кезекте "Түндүк электрден" маалымат алып, текшерүү жүргүзөбүз. Энергияны бош имаратта текке кетирүүгө болбойт", - деди бөлүм башчы.

Пикир

Оставить комментарий