• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эсептөө палатасы: Агрардык сектор 105,2 млн сомду натыйжасыз пайдаланган

Коом 0

Бишкек, 28.04.23. /Кабар/. Кыргызстандын агрардык секторуна бөлүнгөн инвестициялык каражаттар натыйжасыз пайдаланылган. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстандын агрардык секторун өнүктүрүү долбоорлоруна мамлекеттик инвестициялык программанын алкагында бөлүнгөн каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугуна аудит жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жүрүшүндө жалпысынан 105,2 млн сомдук натыйжасыз жана сарамжалсыз пайдаланылган каражаттар аныкталган.

“Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү - 1” долбоору (2013-2019-жылдарга долбоорду ишке ашыруу) боюнча каражаттар айрым учурда долбоордун максаттарына жетпестен пайдаланылган.

“Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы жайыттардын абалына мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн 20 адис жана консультанттар тартылган. Бирок жайыттардын абалы, жайыттардын деградациясынын деңгээли жана аянты боюнча расмий маалыматтар жок. Бул адистердин жана консультанттардын эмгек акысы 15,9 млн сомду түзгөн”, - деп айтылат маалыматта.

2017-жылдын 17-мартында Польшанын Ветеринардык палатасы менен боордоштук кызматташуу боюнча кол коюлган келишимге ылайык, Кыргызстандын Ветеринардык палатасы финансылык туруктуулук боюнча колдонмо түрүндөгү макулдашылган жыйынтыктоочу документти алган эмес. Бул кызматташтыкты ишке ашырууга 4,3 млн сом жумшалган.

Мындан тышкары, долбоорду ишке ашыруу мезгилинде Ветеринардык палатанын операциялык чыгымдарына 10,4 млн сом каржыланган, ошол эле учурда Ветеринардык палата финансылык жактан туруктуу түзүм катары түзүлбөй, бул долбоорго салым кошо алган эмес. Долбоордун алкагында жалпы суммасы 6,1 млн сомго төрт даана транспорт каражаттары сатылып алынган.

Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу башкармалыгынын жетекчилигинин функционалдык милдеттеринин кайталанышы жалпысынан 1,5 млн сомдук эмгек акы төлөө жагынан каражаттарды сарамжалсыз пайдаланууга алып келген.

“Рынокторго чыгууну камсыздоо” долбоорунун алкагында (2019-2021-жылдарга долбоорду ишке ашыруу) 2,8 млн сом өлчөмүндөгү каражаттар долбоордун максаттарына жетпестен пайдаланылган, анын ичинде 0,6 млн сомго негизсиз эмгек акы төлөнүп берилген.

“Улуттук суу ресурстарын башкаруу” долбооруна кошумча каржылоо (2020-2022-жылдарга долбоорду ишке ашыруу) боюнча 5,1 млн сом акча каражаты долбоордун максаттарына жетпестен пайдаланылган.

Пикир

Оставить комментарий