• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык спортчулар дзюдо боюнча дүйнө чемпионатына катышат

Спорт 0

Бишкек, 28.04.23. /Кабар/. Кыргызстандык дзюдочулар Доха шаарында өтө турган дүйнө чемпионатына катышат.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеш 7-14 май күндөрү өтүп, Кыргызстандын атынан алты спортчу катышат:
1. Ханболот Ырысбеков, 60 кг;
2. Кубанычбек Айбек уулу, 66 кг;
3. Чыңгызхан Сагыналиев, 73 кг;
4. Эртур Турдубаев, 73 кг;
5. Асад Масабиров, 81 кг;
6. Эрлан Шеров, 90 кг.

Белгилей кетсек, курама команда улук машыктыруучу Сергей Кладнов жана башкы машыктыруучу Абдужалил Юнусовдун жетекчилиги алдында мелдешке катышат.

Пикир

Оставить комментарий