• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандык куткаруучулар Түркияга учуп келди

Коом 0


Бишкек, 08.02.23. /Кабар/. Жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга жардам көрсөтүү үчүн Кыргызстандын куткаруучулары Түркияга учуп келди.

Социалдык тармактарда аэропортто түркиялык кыздын жардам үчүн ыраазычылык билдирген видеосу тараган. Кыздын айтымында, кыргызстандык куткаруучулар жер титирөө болгон Кахраманмарашка жол алды.

Буга чейин өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов «Ала-Тоо 24» каналанын эфиринде президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Түркияга 63 куткаруучу жөнөтүлгөн билдирген.

«Куткаруу тобунун арасында фельдшер, кинологдор, түрк жана англис тилдерин билген кызматкерлер да бар», - деди ал.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.

Учурда Түркиядагы табият кырсыгынан каза болгондор 5 миң 894, ал эми жабыркагандар 34 миң 810 адамга жеткени кабарланууда.

Пикир

Оставить комментарий