• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто дайынсыз болуп жаткан аялдын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 08.02.23. /Кабар/. Ошто дайынсыз болуп жаткан аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 13-декабрында 59 жаштагы А.Г. аттуу аял Ош шаарынын Петров көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыккан боюнча дайынсыз жоголгон.

Кечээ, 2023-жылдын 7-февралында жарандын сөөгү Увам каналынан табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берилди.

Жерине Ош шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылган.

Пикир

Оставить комментарий