• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көлдө 6-класстын окуучусу өз өмүрүнө кол салган – Билим берүү министрлиги

Кырсык 0

Бишкек, 27.02.24. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы мектеп-гимназиянын окуучусу менен болгон кайгылуу окуяга байланыштуу комментарий берди.

Ведомстводон билдиришкендей, Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмү 2024-жылдын 20-февралында Ак-Суу районундагы мектеп-гимназиянын 6-классынын окуучусунун өз өмүрүнө кол салганы тууралуу маалымат берген.

“Окуучунун өз өмүрүнө кол салуусунун себептери белгисиз. Курдаштары жана мугалимдери менен чыр-чатак болгон эмес. Мектепте жүрүм-турум жөнүндө класстык сааттар дайыма өткөрүлүп турат, социалдык педагог суициддин алдын алуу боюнча иштерди алып барган”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий