• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Базар-Коргондо чиновниктер курулушка урусат берүүгө ишкерден 200 миң сом пара алган

Коом 0


Бишкек, 08.02.23. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун мамлекеттик администрациясынын жана райондук архитектурасынын жооптуу кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-февралда УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмүндө каралган кылмыштын негизинде ("Опузалап пара алуу") боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган материалдын алкагында акча каражаттарынын бир бөлүгүн берип жаткан учурда Базар-Коргон райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башкы бухгалтери К.Т.И. жана Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын архитектура-курулуш көзөмөлүнүн башкы инспектору Д.А.К. кармалды.

Аталган кызмат адамдары алдын ала кылмыштуу бүтүмгө келип, кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып, жеке ишкерден коммерциялык объектти курууга уруксаат берүү үчүн 200 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылгандыгы аныкталган.

Кармалгандар КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренеси боюнча КР УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда КР УКМКнын Башкы башкармалыгы тарабынан бул кылмышты жасоого катышкандардын бардыгын аныктоого багытталган комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий