• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кытайдан Кыргызстанга өткөн унаалардын саны күнүнө 125ке жетти — Бажы кызматы

Коом 0

Бишкек, 16.12.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кытайдан Кыргызстанга өткөн унаалардын саны күнүнө 125ке жетти. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков билдирди.

Анын айтымында, Кытайдан келген жүк агымын жогорулатуу боюнча чоң иштер аткарылды.

“Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, министрлер жана губернаторлор чоң жардам берип, тыгыз байланышта иштедик. Ноябрда кыргыз кытай чек арасындагы “Торугарт” жана “Эркечтам” бекеттеринен өлкөгө күнүнө орточо 30дай унаа кирсе, бүгүнкү күндө алардын саны 125ке жетти”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 11 ай ичинде Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан бюджетке 41 млрд 400 млн сом түшкөн.

Пикир

Оставить комментарий