• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад шаарындагы №1 мектеп-гимназиясына кошумча корпус курулууда

Аймак 0

Бишкек, 15.05.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы М.Бабкин атындагы №1 мектеп-гимназиясына кошумча окуу корпусу курулуп жатат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кошумча корпустун имараты 3 кабаттан туруп, 375 орунга ылайыкташылган. Учурда имараттын курулушунун 34 пайызы аяктап калды.

Мэриядан белгилешкендей, имараттын курулушу 2022-жылы башталган.

Белгилей кетсек, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2021-2022-жылдын “Капиталдык салымдар” беренеси боюнча республикалык бюджеттин эсебинен каржылануучу объекттердин тизмесине ѳтѳ кооптуу абалдагы М.Бабкин атындагы №1 мектеп-гимназиясынын жаңы окуу корпусун куруу иши киргизилген болчу.

Окуу жайдын имаратынын курулушуна 75 млн 317 миң сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий