• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Муса Баетов атындагы Нарын райондук маданият үйү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 15.11.23. /Кабар/. Муса Баетов атындагы Нарын райондук маданият үйү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Ремонт иштерине министрлик тарабынан 5 млн 354 миң сом бөлүнгөн. Учурда имараттын биринчи кабатынын сырты жылууланды, эскилиги жеткен чатыры жаңыланды, жаңы терезелер алмаштырылды жана объектти көрктөндүрүү иштери жүрүүдө.

Ремонт иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий