• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кара-Кулжа: Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга биометрикадан өтүүдө жардам көрсөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 04.03.21. /Кабар/. Шайлоочулардан биометрикалык маалыматтарды чогултуу өнөктүгүнүн алкагында Кыргызстандын аймактарына жөнөп кеткен мобилдик автобустар арыз менен кайрылган Ош облусунун Кара-Кулжа районунун ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген тургундарынын үйлөрүн кыдырып чыгышты. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, БШКнын жана МККнын кызматкерлери Кара-Кулжа районундагы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга биометрикадан өтүүдө жардам көрсөтүштү, ошондой эле жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун алдында шайлоо процесси боюнча консультация беришти.

ПРООНдун колдоосу менен БШК жана МКК тарабынан уюштурулган мобилдик автобустар шайлоочуларга биометрикалык маалыматтарды каттоого, паспорт алмаштырууга, туруктуу жашаган жерине каттоого (жашап турууга уруксат) жана электрондук санарип кол тамга алууга жардам берет.

Мобилдик автобустардын региондор боюнча жүрүү графиги.

Пикир

Оставить комментарий