• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Маратбек Чолпонкулов «Кыргызалтын» ишканасынын башчысы болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 04.03.21. /Кабар/. Маратбек Чолпонкулов «Кыргызалтын» ААКсынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Чолпонкулов ишканага жетекчи болуп бүгүн дайындалган. Ал «Кыргызалтындын» директорлор кеңеши тарабынан тандалып алынып, жалпы жамаатына тааныштырылган.

Маалымат үчүн: Чолпонкулов Маратбек Абжалбекович — 1962-жылдын 28-августунда туулган. Билими жогорку. 1986-жылы Фрунзе политехникалык институтунун «Тоо иштерин автоматташтыруу жана электрлештирүү» факультетин «тоо инженер-электриги» адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

1986 — 1989-жж. — Чаткал геологиялык экспедициясы, электр жабдууларын оңдоо жана тейлөө боюнча мастер, өндүрүштүк участоктун башкы энергетиги;

1989 — 1997-жж. — Талас бөлүштүрүүчү тармагынын ишканасы, Кара-Буура РЭС, Аманбаев электр тармагы участогу, Аманбаев электр тармагы участогунун начальниги, Кара-Буура РЭС энергетикалык инспекциясынын инспектору;

2003-ж. - «Кыргызстан Улуттук электр тармагы» ААК, Талас жогорку вольттогу электр тармагы ишканасы, жарандык коргонуу боюнча милдетти ыйгаруу менен өндүрүштүк бөлүмдүн инженери;

2007 — 2010-жж. — Кыргыз Республикасынын Өнөр-жай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги, электр энергиясын бөлүштүрүү бөлүмүнүн башкы адиси;

2010 — 2011-жж. — Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги, отун-энергетикалык комплекс башкармалыгынын начальниги;

2011 — 2014-жж. — Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр-жай министрлиги, электр энергиясын бөлүштүрүү бөлүмүнүн башчысы;

2014 — 2015-жж. — Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр-жай министрлигинин жетекчисинин кеңешчиси;

03.2016 — 04.2016-ж. — Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, министрдин коомдук кеңешчиси;

04.2016 — 08.2016-ж. — Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, электр энергиясын иштеп чыгуу жана берүү бөлүмүнүн башчысы;

2016 — 2017-жж. — Кыргыз Республикасынын Өнөр-жай, энергетика жана жер казнасын пайдалануу комитети, Электр энергетикасы башкармалыгынын начальниги;

2018-2019-жж. — Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети, төраганын коомдук кеңешчиси;

02.2019 — 04.09.2019-ж. — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Отун-энергетикалык комплекси жана жер каззнасын пайдалануу боюнча комитет бөлүмүнүн эксперти, бөлүм башчынын орун басары;

2019-жылдын 5-сентябрында — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Өнөр жай отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий