• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарын районунда үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алуу иштери жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 04.03.21. /Кабар/. Нарын облусунун Нарын районунун аймагында жергиликтүү тургундар арасында үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алуу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Нарын районунун баш имам хатиби Кумарбек Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, 15 айыл аймагынын калктуу конуштарында үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу максатында үймө-үй кыдыруу жана мектеп окуучуларына, ата-энелерге, мугалимдерге, жалпы калкка түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жолугушууда жашы жете элек балдарга ырайымсыз мамилени, үй-бүлөлүк зордук зомбулукту, өспүрүмдөр арасындагы суицидди, эрте никеге турууну алдын алуу тууралуу айтылды.

Анда ата-энеси миграцияга кеткен балдарды көзөмөлгө алуу багытындагы кыдыруулар райондун прокурору, райондук имам, райондук билим берүү жана ички иштер бөлүмдөрү, райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды колдоо бөлүмүнүн адистери менен биргеликте 2021-жылдын 2-мартына чейин жүргүзүлүп, алыскы Каракужур жана Орук-Там айылдарында жыйынтыкталды.

Кыдыруунун жыйынтыгында ата-энеси миграцияга кеткен балдарды убактылуу багып жаткандарга балдарды багуу жана тарбиялоо жоопкерчилиги аларга жүктөлөрү жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдарга мыйзамдуу камкорчу дайындоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тишелүү органдардын көзөмөлүндө болору эскертилди.

Пикир

Оставить комментарий