• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарын облусунун башчысы "Торугарт" өткөрүү жайындагы иштерден кабар алды

Аймак 0

Бишкек, 01.12.23. /Кабар/. Президенттин Нарын облусундагы өкүлү Алтынбек Эргешов тиешелүү жетекчилер менен бирге "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү пунктундагы иштерден кабар алды.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, анда облус башчысы мурда тапшырма берилген иштердин жыйынтыгын көрдү.

Буга чейинки жумушчу сапарында облус жетекчиси 2017-жылы курулуп, бирок пайдаланылбай келген "Торугарт" №2 имаратын ишке киргизүү боюнча тапшырма берген.

Бүгүнкү күндө бул имаратты ремонттоо жумуштары аяктап, Чек ара көзөмөл бөлүгү жана Бажы кызматы көчүп кирип жатат. Бул жердеги кызматкерлер менен жолугушууда Эргешов имаратты жыл сайын оңдоп-түзөп, калыбында сактоону жана оор жүк ташуучу автоунаалардын документтерин тез арада текшерип, өткөрүү иштерин күчөтүүнү тапшырды. Ошондой эле инфраструктураны жакшыртуу боюнча жер тилкесин чечип берүүнү мамлекеттик органдарга милдеттендирди.

Мындан сырткары, ал өткөрүу жайындагы авариялык абалдагы имараттарды бузуу иштерин тездетүү жана ал жердеги керектүү материалдарды башка жумуштарга даректүү пайдалануу (трубаларды Нарын районундагы “Өндүрүш зонасына” суу чыгарууга, чоң өлчөмдөгү идиштерди (емкость) битум сактоо жана башка иштерге жумшоо) тапшырмаларын берди.

Ошондой эле өткөрүү жайына бара жаткан жолдогу таштандыларды тез арада тазалап, ирээтке келтирүү жана тазалыкты көзөмөлдөп системалуу иш алып баруу боюнча Ат-Башы районунун акими жана Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысымилдеттендирилди.

Пикир

Оставить комментарий