• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Токтогул районунда күздүк буудай аянттары кеңейтилет

Аймак 0

Бишкек, 07.10.22. /Кабар/. Токтогул районунда күздүк айдоо иштери кызуу жүрүүдө, деп билдирет Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынан.

Маалыматка ылайык, азык-түлүк коопсуздугун алдын алуу максатында 2023-жылдын түшүмү үчүн эгилүүчү кылкандуу дан эгиндеринин, анын ичинде буудай өстүрүүнүн аянтын көбөйтүү боюнча күздүк айдоого шарты туура келген А. Суеркулов жана Үч-Терек айыл өкмөтүнүн айыл башчылары менен сүйлөшүүлөр жүгүзүлдү.

"Күздүк буудайдын үрөнү Россиядан алынып келинген алексеич, баграт, калым, гурт сортундагы элита үрөндөр. Бүгүнкү күндө 20 тонна алексеич сортундагы 1-репродукция буудай үрөнүн Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан Токтогул районуна алып келүү алдында турат", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, учурда райондун аймагында күздүк айдоо иштери кызуу жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий