• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда балдар үчүн «Санариптик ден соолук профили» кызматы ишке киргизилди

Ден соолук 0

Бишкек, 01.12.23. /Кабар/. Бүгүн, 1-декабрдан тарта балдар үчүн «Санариптик ден соолук профили» кызматы ишке киргизилди.

Саламаттык сактоо министригинен билдиришкендей, бул курал ата-энелерге жашы жете элек балдарынын ден соолугу тууралуу маанилүү маалыматты алууга жана балдарынын ден соолугуна кам көрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Кызматтын өзгөчөлүктөрү:

1. Толук маалымат: Санариптик ден соолук профили Саламаттык сактоо уюмуна каттоо, камсыздандыруу статусу, саламаттык сактоо уюмдарына баруу, лабораториялык текшерүүлөрдүн натыйжалары, эмдөөлөр жана башкалар жөнүндө маалыматтарды камтыйт.

2. Колдонуунун жеңилдиги: Маалыматтарды көрүү үчүн жөн гана “Түндүк” мобилдик тиркемесин ачып, башкы бетте “Санариптик ден соолук профилин” тандап, керектүү профилди тандаңыз.

3. Коопсуздук: Медициналык маалыматка жетүү коопсуздугун камсыз кылуу үчүн ата-энелер булуттагы электрондук санариптик кол тамгага ээ болушу керек.

Бул кызмат санариптик саламаттык сактоону түзүүнүн, медициналык маалыматтын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн камсыздоодогу кадамдардын бири болуп саналат.

Жакында, кызмат сиздин маалыматтарыңыздын негизинде жекелештирилген билдирмелерди жөнөтө баштайт, мисалы, сиз же сиздин балдарыңыз эмдөөдөн өткөн-өтпөгөнү же лабораториялык текшерүүнүн жыйынтыктарынын даярдыгы жөнүндө.

Учурдагы жана келечектеги бардык санариптик саламаттык сактоо кызматтары “Түндүк” электрондук кызматтардын мамлекеттик порталы жана анын мобилдик тиркемеси аркылуу ишке ашырылаарын эскертебиз.

Булуттагы электрондук санарип кол тамгасын алыңыз жана санариптик саламаттык сактоо кызматтарын колдонуңуз.

Демилге Санариптик өнүктүрүү министрлигинин колдоосу менен «Түндүк» мамлекеттик порталы тарабынан ишке ашырылган жана Кыргызстандагы заманбап медициналык практиканын кезектеги этабы болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий