• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында мугалимдер баңгиликтин алдын алуу боюнча окуудан өтүштү

Аймак 0

Бишкек, 01.12.23. /Кабар/. Ош шаарында баңгиликтин алдын алуу боюнча бардык орто билим берүү мекемелеринин социалдык педагогдору жана тарбия иштери боюнча башкы мугалимдери үчүн семинар өткөрүлдү.

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, семинарды Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы уюштурду.

Баңгиликти алдын алуу – бул алдын алуунун бардык субъектилеринин, педагогдордун, мамлекеттик органдардын, коомчулуктун биргелешкен ишмердүүлү болуп саналат.

Бүткүл дүйнөлүк АИЖС (ВИЧ) менен күрөшүү күнүнө арналган бир айлыктын алкагында ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматы жана Ош шаарындагы Кыргызстанга 40 жыл атындагы мектептин администрациясы тарабынан жаштар арасында баңгизаттарды колдонууну жана АИЖВди (СПИД) алдын алуу боюнча семинар уюштурулуп өткөрүлгөн.

Ош шаарында мектептин базасында шаардык жалпы билим берүү орто мектеп мекемелеринин бардык социалдык педагогдору жана директорлордун тарбия иштери боюнча орун басарлары үчүн баңгизаттарды колдонууну жана АИЖВди алдын алуу боюнча семинар өткөрүлдү.

Аталган семинарда 50 дөн ашуун директордун тарбия иштери боюнча орун басарлары катышты.

Баяндоочу катары Ош облустук психиатрия жана наркология борборунун, Ош облустук гемоконтакттуу гепатит вирустарын жана иммундук жетишсиздик вирустарын көзөмөлдөө борборунун адистери чыгып сүйлөшкөн.

Семинардын жүрүшүндө катышуучуларга БМЖКККнын кызматкери Жапакова Гулмира баңгизаттардын терс кесепеттери тууралуу айтып берип, АИЖВ түшүнүгү жана аны алдын алуу тууралуу видеоролик көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий