• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ат-Башыда жол кырсыктарынын алдын алуу иштери жүргүзүлүп жатат

Аймак 0

Бишкек, 10.08.21. /Кабар/. Ат-Башы районунда жол кырсыктарынын алдын алуу үчүн айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ат-Башы РИИБнин кызматкерлери жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери райондун аймагында жол коопсуздугун сактоо жана жол кырсыктарын алдын алуу максатында Ача-Кайыңды айылынан Өзгөрүш айылына жана Босого жайлоосуна чейин барып, айдоочулар жана айыл элинин тургундары менен жолугушту.

Андан сырткары, оруп-жыйуу мезгилинде ар кандай кырсыктарды болтурбоо максатында оор жүк ташуучу автоунаалардын айдоочуларына жана эс алып келген жарандарды, туристтерди ташыган айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Ошондой эле Ат-Башы РИИБнин милициянын көчмө кабылдамасы менен жарандардын арыз-даттанууларын жеринен кабыл алышып, көмөк көрсөтүп алдын алуу иштери уланууда.

Нарын ОИИБнин Басма сөз кызматы

Пикир

Оставить комментарий