• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакстанда акыркы суткада 7 миң 235 адамдан коронавирус табылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 10.08.21. /Кабар/. Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 7 миң 235 адамдан табылды. Бул тууралуу “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында – 1161, Алматы шаарында – 1486, Шымкент шаарында – 570, Акмоло облусунда – 263, Актөбе облусунда - 223, Алматы облусунда - 270, Атырау облусунда - 627, Чыгыш-Казакстан облусунда – 220, Жамбыл облусунда – 100, Батыш-Казакстан облусунда - 54, Караганда облусунда - 1061, Костанай облусунда - 248, Кызылорда облусунда – 228, Мангистау облусунда - 177, Павлодар облусунда - 286, Түндүк-Казакстан облусунда - 156, Түркестан облусунда – 105 адамдан COVID-19 табылган.

Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 649 миң 120 адам коронавирус жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий