• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чек арадагы чыр. Жабыркагандарга үйлөрдү ата мекендик жана чет өлкөлүк курулуш компаниялар курууда

Коом 0

Бишкек, 10.08.21. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө үйлөрдү ата мекендик жана чет өлкөлүк курулуш компаниялар курууда. Бул тууралуу «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйынында Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин (Мамкурулуш) директорунун орун басары Бердимурат Жалилов билдирди.

Анын айтымында, жалпы 36 үй курулат, анын ичинен 20 үйдү «IHLAS» курулуш компаниясы, 10 үйдү «MSA строй», 3 үйдү «ЭМАКОМ» курулуш компаниясы, 3 үйдү «Кут» курулуш компаниясы курулат.

«Жаңжалдын жүрүшүндө жабыркаган 140 үйдү «Дуваташ» кыргыз-түрк компаниясы калыбына келтирүүдө, анын ичинде Баткен районунда 41 үй жана Лейлек районунда 41 үй»,-деди ал.

Мындан тышкары, Жалилов Баткен районунда «Дордой» ассоциациясы тарабынан жаңы бала бакчанын, дагы эки районда «Ас-Сафа борбору» кувейт фонду тарабынан эки медициналык объектинин курулушу жүрүп жатканын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий