• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Курман айтка карата кайрымдуулук уюштурду

Коом 0

Бишкек, 09.07.22. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Курман айтка карата кайрымдуулук уюштурду, деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 9-июлда Курман айт майрамына карата аянтта айт намаздан соң министрликтин чарбалык ишканасынын каражатынын эсебинен алынган бодо мал союлуп, аз камсыз болгон жана кызмат учурунда каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө, балдарын тарбиялаган жалгыз бой энелерге таратылды.

Эт 80ге жакын кызматкерге таратылып, алар ыраазычылыктарын билдиришти.

Мусулмандардын улуу майрамы – Курман айтта коомдун аярлуу катмарына, багар-көрөрү жокторго, кыйналып турган жарандарга жардам берүү ар бир жарандын парзы. Аларга жакшы мамиле, кайрымдуулук, боорукерлик менен сый мамиле кылуу жалпы мусулманчылыкта өзгөчө орунду ээлейт.

Пикир

Оставить комментарий